Өткөн суткада өлкө аймагында 14 миң 200 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эмдөөдөн өткөн 14 миң 200 адамдын ичинен 6 миң 705и вакцинанын I дозасы менен эмделди. Ал эми 7 миң 495и вакцинанын II дозасын алышкан.
Белгилей кетсек, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.