Микрохирург Бакыт Өмүрзаков 60 жашында пневмониядан каза болду

Хирургия илимдеринин кандидаты, микрохирург Бакыт Өмүрзаков 17-июлда дүйнөдөн кайтты. Ал пневмониядан каза болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Бакыт Өмүрзаков 1960-жылы туулган. Ал Улуттук госпиталдын пластикалык, реконструктивдик микрохирургия жана кол хирургиясы бөлүмүндө иштеген. Андан кийин Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунда пластикалык микрохирург болуп иштеген, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемчиликтери үчүн хирургия бөлүмүн жетектеген.

Акыркы жылдары Бакыт Өмүрзаков пластикалык жана эстетикалык хирургия боюнча өзүнүн медициналык борборун жетектеп келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бакыт Өмүрзаковдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Cvbn
2020-07-18 14:23:42
Жаткан жериниз жайлуу болсун. Билимдуу врач эле, окунучтуу.
+1
Alina1984
2020-07-18 14:33:59
Жаткан жери жайлуу болсун!!Менин кызымдын ээгин пластикалык операция кылды эле
+1
States
2020-07-18 15:15:16
Ииий бул агай мага бетиме лазер жасады эле жаман болгон турбайбы
+1
Nur777
2020-07-18 18:32:56
Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун!
Мыкты хирург эле((((((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан