Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Коронавирустун экинчи толкуну алда канча коркунучтуу болот"

Эгерде коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдө кескин чаралар көрүлбөсө, оорунун экинчи толкуну алда канча коркунучтуу болот. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Эгерде коронавирус инфекциясына каршы чаралар эртерээк көрүлбөсө, экинчи толкуну аябай эле коркунучтуу болот", - деген Клюге.

Мындан тышкары ал коронавирустун экинчи толкуну сөзсүз түрдө болорун жана көптөгөн өлкөлөр чектөө чараларын алып салгандыктан, инфекциянын кайра кеңири жайылуу коркунучу бар экендигин айткан. Клюге чектөөлөрдү алып салуу боюнча сак болууну, ошондой эле кырдаалдын өнүгүшүнө ар дайым көзөмөл кылып турууну сунуштады. Ошол эле учурда ал коронавируска каршы вакцина али чыга электигин белгилеген.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 399 миң 876 адамдан аныкталды. 380 миң 662 адам каза болсо, 2 миллион 743 миң 777 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gute
2020-06-03 17:43:10
Цирк, спекталь!
Коронавирустун жазылган сценарийи боюнча 2-толкун бар турба э значит ))
-2
Agayu
2020-06-03 17:55:13
Эл экинчи толкунун көтөрбөйт , лично Кыргызстан көтөрбөйт .Талап тоноо башталат , Эң бай АКШ да мародерство болтат , көртасыңар
+10
TUMANaka
2020-06-03 22:44:29
Agayu,көртабыз
+6
Arman007
2020-06-03 20:43:15
алдын ала билип койуштубу ученыйлар? анда эмнеге биринчисин алдын албады ?
+6
isarti
2020-06-03 21:53:18
Онго барсан коронавирустан, солго барсан ачкалыктан олосун дегендей эле болуптур.
+7
titanik32
2020-06-03 22:12:27
Дүйнөлүк окумуштуулар бокту жепсинер бекер сөздү айтып.Россия дарысын чыгарды го,12-июндан баштап оорулуулар жаткан больницаларга таркатылат.Озунор ооруй бергиле бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактай албаган уюму.
+7
Dushabolna
2020-06-04 13:10:47
Надоели
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан