Биринчи вице-премьер: "Нарында бир эле кишиден коронавирус аныкталган, ал кайсы жактарга барганын айтпай койгондуктан башкаларга дагы жукту"

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Нарын, Ат-Башы районунда эмнеге өзгөчө абал киргизилип жатканын сурады.

Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ат-Башы району боюнча акыркы мезгилде 19 жарандан коронавирус аныкталганын айтты. "Ошол жердеги саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин, жергиликтүү бийликтин сунушу менен ушундай чечимге келдик. Акыркы мезгилде күчөп баратат. Башында бул жерде 1 эле кишиден коронавирус аныкталган, ал кайсы жактарда жүргөнүн айтпай коюп, ошонун эсебинен Нарын облусунда пайда болуп кетти", - дейт ал.

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңеште Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө токтом долбоору кабыл алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AksyKum
2020-04-16 12:57:54
Суротун чыгарып мынчасынан мынчасына чейин ушул Адам менен Ким байланышкан десе болобу . жаман жинге кыжырга тийип тийип суйлоп жатасынар.нервти огоолоп жатасынар.
+3
jasgul
2020-04-16 13:08:11
AksyKum,озуну карап, сабыр кыл тууган. Нервин Бороновго эмес озуно керек.
Башында жашырганда эле жарыялаш керек эле. Эми кеч, ото кеч. Канчасына жугуп кетти. Акмак адам экен жашырган, бул чыккынчылык
+6
AksyKum
2020-04-16 13:10:56
jasgul,ошо ошол убакта жарыялаш керек эле да
+1
AksyKum
2020-04-16 12:58:49
Карантин буткучо нерв калбай калатурган болду
0
urmat94
2020-04-16 13:10:21
ХХХХХайтпаса чыгарбайсынарбы суротун данныйларын эркелетип отурбай айтпай койду эле дебей башынар иштейби же ушинтип айтпайтат деп отура бересинерби
+3
meku89
2020-04-16 13:26:59
Ненормальный десе. Элдин баарына жугузуп. Куйгузот да кишинин.
+5
nurgazy82
2020-04-16 14:20:38
Айыгып чыкканда кылмыш ишин козгош керек
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан