Депутат Максат Сабиров чет мамлекетте окуп, каникулга чыккан кыргыз студенттерин өлкөгө кайтарып келүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан кыргыз студенттеринин көбү каникулга чыгып жатышат. Орусияда 16 миңге жакын кыргыз студенттери бар. Алардын каникул убагында учуп келүүсүн колго албасаңыздар, ата-энелери кабатыр болуп жатат. Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп, бирок кыймыл болбой жатканын айтышты", - деди депутат.
Ошону менен катар эле депутат аскер кызматкерлерин дагы өлкөгө кайтарып келүү керектигин айтты.