Жаз жарыш, күз күрөш. Жаз келип, жер жарылары менен айыл элинин көбү талаа иштери менен алек болот. Айрымдар жер айдоо, үрөн себүү менен баштаса, бак тигип, көчөт отургузгандар да бар. Бул жаз башка жылдардан өзгөчө башталды. Коронавируска байланыштуу өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргизилип, багбан, дыйкандар да каалагандай иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк азайды. Бирок мезгил күтпөйт, бул өзгөчө эгин, талаа иштерине тиешелүү.
SUPER.KG порталы Борбор Азия багбандар биримдигинин башчысы Абдулла Ташиевге кайрылып, дыйкандардын абалын сурады. Айтымында, өлкөдөгү бардык кырдаалдагы чектөөлөр дыйкан, багбандардын ишиндеги мүмкүнчүлүктөрдү азайткан. "Ооба, түшүнөбүз, карантин, баарыбыздын саламаттыгыбыз маанилүү, эрежени сакташыбыз керек. Бирок кол куушуруп отуруп калууга да болбойт. Дыйкандар болгон коопсуздук эрежелерин сактоо менен жазгы иштерди жасабаса, эртең күз келет, кантебиз? Жалаң дыйканчылык менен тиричилик кылгандар бар, аларда абал кандай болот?", - деп баштады ал сөзүн.
Ташиев белгилегендей, ушул тапта өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жолун таап, талаа иштерин жүргүзгөндөр көп. Бирок айрым түйшүктөр өлкө боюнча бар.
"Жаз жарыш деп эгин, талаа жумуштары жаңы башталганда коронавирус келип, карантин жарыяланып калды. Азыр дыйкан, багбандарга каалагандай көчөт, уруктарды табуу оор болуп жатат. Себеби мурда кыдырып, тандап жүрүп алышчу, азыр ал жерлер жабык, сыртка чыгуу кооптуу.
Дагы бир көйгөй, техникаларды бир айылдан экинчи айылга жеткирүү болуп жатат.
Премьер-министрден суранат элек, көчөт, урук менен алек болгон адамдарга жол ачып берүү маселеси каралса жакшы болот эле. Көчөт отургузам, урук себем дегендерге жеткирип берүү жагы каралышы зарыл болуп турат. Аянты чоң жерге бак отургузам дегендер өз алдынча питомниктер менен сүйлөшүп алып, өздөрүнүн ишин жүргүзүп жатышат. Ал эми 2-3-5 сотых жерге көчөт тигебиз дегендер быйыл көп болчу, алар базардан көчөттөрдү тандап алышмак, бирок азыр эми алар жок. Дыйканчылык бардык ишти өз мөөнөтүндө жасоону талап кыларын билебиз. Коменданттардын уруксаты менен айыл башчылар, айыл өкмөт кызматкерлери сүйлөшөбү, айтор, бак отургузабыз дегендердин буюртмасын алышууга көмөк болсо дейбиз. Балким көчөт, урук саткандар айылды кыдырат, албетте, бардык коопсуздук эрежелерди сактоо менен бирге. Себеби 10 көчөт, 20 көчөт алам дегендер аны издеп кайда бармак эле.
Мындан тышкары жер семирткичтерди да ала албай жаткандар бар. Бул жагы да каралууга тийиш.
Муздаткычта турган интенсивдүү көчөттөр деген бар, аларды июнга чейин отургузганга болот. Бирок дан эгиндерине убакыт өтүп баратат. Ошол эле учурда азыртадан жашылча-жемиштердин көчөттөрүн кантип жетиштиребиз, муну ойлонушубуз керек. Албетте, биз карантинге каршы эмеспиз, бирок биз күз мезгилинин дагы келишин ойлонушубуз керек", - деди ал.