Бүгүн, 5-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык департаментинин башчысы Абдыкадыр Жороев онлайн брифинг өткөрүштү.
Алар жарандар бет кап тагынуу талаптарын аткарбай жаткандарын айтышты. Бирок ошол эле учурда министрликтин өкүлдөрү брифингде бет капсыз отурушту. Онлайн брифингдин алып баруучусу дагы бет капсыз жыйын өткөрдү.
Жороев бет кап тагынуу Кыргыз өлкөсүндөгү эле маселе эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү маселе экенин айтты. "Бет кап тагынуу ооруну таратпоо чарасы болуп эсептелет. Чехияда бет кап тагынуунун эрежесин бузгандарга өтө чоң айып салынат.
Өкмөт тараптан санитардык талаптар иштелип чыккан. Анда бет кап тагынуу талабы бар. Мониторинг жасап жатабыз. Бет кап тагынуу талабы аткарылбай жатат. Шарт катарында бет кап кийүү керек", - дейт ал.
Үсөнбаев бет кап тагынуу маселеси курч мааниге ээ экенин билдирди. "Көчөдө жүргөндө кооптуу жагдай болуп калышы мүмкүн. Балдарга да бет кап тагып, тартипке көнүү зарыл. Бүгүнкү күнү тартипти солгундатып, бет кап кийбей жатасыздар", - деди министрдин орун басары.