Москва шаарынын мэри шаарда коронавирус жакын арада азайбай тургандыгын айтты

Орусиянын борбору Москва шаарында коронавирус инфекциясынын күн сайын өсүшү минималдуу деңгээлге жетти жана мындан ары төмөндөбөйт. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин "Россия 24" телеканалына берген маегинде билдирди.

Ал өзүнүн божомолун шаарда күнүнө миллиондогон адамдардын кыймылы жана жүз миңдеген адамдар шаарга башка аймактардан келип жаткандыгы менен түшүндүргөн.

"Албетте нөлгө же бир аз минималдуу көрсөткүчкө жетебиз деген үмүтүбүздү баалашыбыз керек. Бирок жакынкы убактарда буга чейинки айдагыдай эле көрүнүш улантылат. Башкача айтканда Москвада күнүнө 650-700 адамдан коронавирус аныкталып турат. Ортодо 50дөй адамдан айырмачылыктар болуп турушу мүмкүн", - деген Собянин.

Москва шаарында жалпы 240 миң 664 адамдан коронавирус аныкталды. 4 миң 446 адам каза болсо, 177 миң 908 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2020-07-31 10:02:08
Кай бирооно кундо майрам,
Кээ бирооно бутпос арман,
Жашап келкм сенде Москва

Кудай боодо кырсыктан тышкары кылсын баарыбызды
+5
ZUXRIDDIN20
2020-07-31 11:32:49
План ошондой окшойтта
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан