Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Туристтик сезондо коронавирустан сактануу, жайылтпоого олуттуу мамиле жасайлы"

Бүгүн, 5-июнда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев маалымат берди. Ал өкмөттүн 1-июндан тартып туризмдин бардык тармактарына уруксат берген чечими ысык-көлдүктөр үчүн да жагымдуу болгонун айтты. 1-майдан тартып курулушка уруксат болгонун, бул Ысык-Көлдө туризм жаатында курулушу аяктабай калган жайлардын ишинин аякташына шарт түзгөнүн белгиледи.

"Туризмге 1-июндан баштап уруксат берилди. Бирок бул уруксаттын артында биздин артыбызда чоң жоопкерчилик турганын сезишибиз керек. Коронавирус пандемиясына байланыштуу санитардык-гигиеналык эрежелерди сактап, анын үстүнөн иштейли.

Облустагы туристтерди кабыл алган объектилер 1-июндан баштап эле иштеп кеткен жок. Учурда сезонго даярдык жүрүүдө. Биз бул жылы ички туристтерге көп басым жасайбыз деп ойлоп жатабыз. Ош-Тамчы каттамын ачсак деген да пландар бар.

Туристтик сезондо, албетте, эл көбөйөт, бирок биз аларды кабыл алган тараптарга келген ар бир адамды каттоо, дене табын өлчөө, оору боюнча коопсуздук эрежелерине көзөмөл кылууну милдеттендирип жатабыз", - деди Акылбек Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан