Бүгүн, 5-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова онлайн маалымат жыйын берди.
Анда облустагы эпидемиологиялык абал боюнча жалпы статистика айтылды.
Ага ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусу боюнча коронавирус жуктургандардын саны 141 адам болсо, алардын ичинен 35и чет жактан келгендер, 106сы өлкөнүн ичиндегилерден аныкталган.
"Мындан тышкары 100 адам айыгып чыгып, учурда үй карантининде дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дагы 37 адам медициналык көзөмөлдө турушат. Облус боюнча 4 адам вирустан улам каза тапты. Облуста 32 мобилдүү бригада түзүлүп, ал курамда 96 медицина кызматкерлери иштеп жатышат", - деди Волкова.