"Гепарин менен Клексан COVID-19 илдетинен айыктырбайт". Республикалык штаб аталган дарылар эмне үчүн колдонуларын түшүндүрдү

Республикалык штаб учурда суроо-талап жогору болуп жаткан Гепарин менен Клексан дарылары COVID-19 илдетинен айыктырбай турганын маалымдады. Анда аталган дары каражаттары эмне үчүн колдонуларын жана аны өз алдынча колдонууга болбой турганын түшүндүрүп берди.

"Организмде кандын уютуу системи иштеп турат. Бул эң маанилүү функция жана биздин көп кан кетирүүбүздү алдын алат. Канды токтотуу процессинде кан клеткалары, канды уютуучу факторлор жана башка элементтер иштейт. Булар тромбдун пайда болушуна түрткү болот. Гепарин жана Клексан канды суюлтуучу дары каражаттары, мындан улам аталган дарылар тромбдун пайда болушуна бөгөт коёт.

Коронавирус инфекциясына, пневмониянын оор түрүнө кабылганда кан уюп, анын кесепетинен өпкөбүздөгү майда кан тамырларда кан уюп, өпкөнүн иштешин начарлатат. Жарандар өпкөнүн сезгенишине кабылганда же башка оорулар менен катуу ооруганда керебеттен тура албагандай абалга жетет. Бул учурда тромбдун пайда болушуна шарт түзүлөт. Ушундан улам пневмония, коронавирус инфекциясына кабылып ооруканага түшкөн бейтаптарга канды суюлтуу үчүн жогорудагы дары каражаттары берилет", - дешти штабдан.

Ошондой эле дары каражаты бейтаптын абалына жараша ар кандай дозада дарыгердин көрсөтмөсүнүн негизинде гана берилерин эскертет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан