Дүйнө жүзүн коронавирус илдетинин 2-андан соң 3-толкуну капташы мүмкүн экендигин Германиядагы Вирусология институтунун башчысы Лотар Вилер билдирген.Институттун божомолунда дүйнө элинин 70 пайызы аталган вирус менен ооруп чыкмайынча ал улам-улам чыга берет.
"Оорунун экинчи толкуну болоорун бардыгы жакшы билишет. Бул тууралуу дүйнөнүн белгилүү адистери да айтып жатышат", - деп билдирген Вилер.
Институт башчысынын айтымында, Германиянын саламаттыкты сактоо системи оорунун жаңы толкундарына даяр. Дарыгерлер бейтаптарды кантип дарылаш керектигин жакшы билишет. Болочокто аларга жардамга кошумча терапиялык каражаттар келе баштайт.