Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Алар:
• Бишкек шаары – 4;
• Чүй облусунда – 1.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыкты.
Республика боюнча жалпы 400 ак халатчан коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.