Коронавирус боюнча Таластан кийинки "таза" облус Ысык-Көл. Бул облуска кирүүдөгү көзөмөл өткөрүү жайынан репортаж

Буга чейин SUPER.KG порталы дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан "таза" болгон Талас облусунун кире бериштеги көзөмөл өткөрүү жайынан фото, видео камтылган репортаж даярдаган. Бул ирет биздин сапарыбыз Ысык-Көл облусуна өтүүчү жерде жайгашкан көзөмөл жайында болду.

Кыргыз жеринин бермети аталган кереметтүү Ысык-Көлгө кире бериштен сиздер "Ысык-Көл биосфералык аймагы" деген жазууну көрөсүздөр. Ошол эле жерге мобилдүү клиника коюлган. Бул клиникада иммунолог, лаборант, фельдшерлер иштейт. Алардын моюнунда чоң жоопкерчилик турганын айтышат. Облуска кирип бара жаткандардан анализ алуу, аларды каттоо күнү-түнү жүргүзүлөт. "Милдетибиз коронавирустун облуска жайылышынын алдын алуу" дешет алар.

Көзөмөл өткөрүү жайына чатыр да тигилген. Анда фельдшерлер облуска кирип бара жаткандарды каттап, андан ары анализ алуу үчүн мобилдүү клиникага жөнөтүшөт.

Мобилдүү клиникадан тартылган  сүрөт

Калк арасында коронавирус экспресс-тесттерден жугат экен деген кеп тарагандан бери мындагылардын иши бир аз татаалдашкан. Фельдшер Алтын Акунованын айтымында, кээ бирлер анализ тапшырууга жөнсүз эле каршы болсо, айрымдары коронавирус экспресс-тесттен жугат дегенге ишенип, анализ тапшырууну каалабай жатышат. Бирок тартиптерге баш ийип, коопсуздук эрежелерин сактагандар басымдуу.

Алтын Акунова, фельдшер. Ал тепловизор жабдыгы менен облуска кирип бара жаткандардын дене табын өлчөп турат.

Алтын Акунова коргоочу костюмдарды утилизация кылуу иштерине да токтолду.

"Жумуш күнү бүткөндөн кийин атайын бул кийимдерди чечүү эрежелерин сактап чечебиз. Дезинфекциялоочу бактарга салабыз, андан кийин утилизацияга кетет. Кол кап, бет каптар бат-баттан эле алмаштырылат. Ал эми коргоочу костюмдар да бир эле жолу кийилет", - деди ал.

Дарыгер-лаборант Назира Жоодатова 4-майдан тартып текшерүүдөгү эрежелерге өзгөрүүлөр киргенин айтты. Ага чейин облус аймагына өтүп жаткандардын баарынан экспресс-тест алынса, эми Ысык-Көл облусунун тургундарынан гана алына баштаган. Буга байланыштуу тест-анализ тапшыргандардын саны азайган.

- Тесттин жыйынтыгы терс болуп калган учурда кандай иш-аракеттерди көрөсүздөр?Назира Жоодатова, дарыгер

- Мындай учурда кайрадан дагы бир кайталап экспресс-тест алабыз. Анын жыйынтыгы да терс болсо ПЦР-анализ алынат - бул мурундан мазок алуу. Мазок Бишкекке жөнөтүлөт, анализи терс жыйынтык көрсөткөн адамды биз эпидемиологго өткөрүп беребиз. Алар ооруканага жайгаштырат.

- Сиздер тобокелчилик чоң болгон жайда иштеп жатасыздар. Демек жакшы шарт, тамак-аш керек. Шарттар кандай каралган?

- Шарттар жакшы, тамак-аш акысыз берилет. Күндүз төртөөбүз иштейбиз, себеби облуска өткөндөр көбүрөөк болот. Түнкүсүн экөөбүз мейманканага кетебиз, экөө бул жакта нөөмөттө калат. Кезектешип мейманканада эс алабыз. Шарттарга нааразычылык жок.

Мобилдик клиникада 3 бөлмө бар, мындан тышкары дезинфекциялоочу каражаттар, экспресс-тесттер, керектүү дары каражаттар сакталган муздаткыч, кол жуучу жайлар, кондиционер коюлган. Экспресс-тесттер атайын муздаткычта сакталарын медицина кызматкери Назира Тониева айтып берди. Ал жана жанындагы 3 кесиптеши мобилдик клиникага 3-майда келишкен.

Назира Тониева- Бул жерде 14 күн иштейсиз, андан кийин дагы 14 күнгө обсервацияга кетет экенсиз. Мындай жумушка үй-бүлөңүз кандай карайт? Өзүңүздө бул илдетти жакындарыма алып барбаймынбы деген чочулоо болуп жаткан жокпу?

- Эми үй-бүлөм түшүнүү менен эле карайт. Жолдошум өзү да азыр блокпосттордо турат, төрт балабыз бар. Ал түшүнгөн үчүн иштеп жатам. Үйгө оору алып барам деп чочулаган жокмун, анткени дароо үйгө кетпейбиз да, анализдерди тапшырып, обсервацияда болуп, баары таза чыккандан кийин гана үйгө коё беришет.

- Вирус менен күрөшүүдө ишке тартылган дарыгерлерге кошумча төлөмдөр убадаланган эле. Сиздердин маянаңыздар кандай болуп жатат?

- Ооба, биз бул жакка келердин алдында кошумча төлөмдөр болот деп айткан. Биздин кызмат бүтө элек, бүткөндөн кийин көбөйтүлгөн айлык алабыз деп ишенип жатабыз. Негизи бул инфекция Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө жайылып, баарыбызга жаңы жактан тажрыйба алууга түрттү. Жумуш учурунда ар кандай чочулоо да болбой койбойт, бирок иштешибиз керек.

Талаа жеринде иштеген өзүнчө бир түйшүк деңизчи. Биз ар кандай аба ырайында, талаада ушул костюмдар менен иштеп жаткан дарыгерлерди аяп турдук. Бул костюмдар кийген адамды демейдегиден 3-4 эсе көп чарчатат деген ой келди

Биз барган учурда аба-ырайы ысык болчу. Ага карабастан коопсуздук эрежелерин сактоо үчүн ак халатчандар бул костюмдарды кийүүгө аргасыз. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, өлкөгө коронавирус келгенден бери Ысык-Көл облусунда 10 адамдан коронавирус инфекциясы табылган. Жөнөкөй эмес кырдаалда кызматын аябаган ар бир медицина кызматкерлеринин өздөрүнө да ден соолук тилеп, сапарыбызды жыйынтыктадык.


кошулду
Коронавирус боюнча Таластан кийинки “таза” облус Ысык-Көлгө кирүүдөгү текшерүүлөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chungyz
2020-05-08 21:03:55
Масканардан чиркей отуп кететко озунорду этият кылгыла
+3
Nur777
2020-05-08 22:43:25
Азаматсынар!Колдуктор да жакшы иштеген учун Ысык-Кол облусунда 10 гана адам ооруду,коз тийбесин!
+4
jigit.paren
2020-05-09 09:01:38
Ооба Көлдүк бир туугандарым аябай катуу иштешти тартипти да жакшы сакталып, ошону менен 10 адам ооруп бүт баары айыгып чыгышты, врачтар да өздөрүнө жугузган жок жакшы иштешти чынында.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан