Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 985 адамдан аныкталды. 112 адам каза болсо, 3 миң 957 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 2 миң 1;
Москва облусунда - 751;
Санкт-Петербург шаарында - 326;
Нижегород облусунда - 305 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 476 миң 658 адамдан коронавирус аныкталды. 5 миң 971 адам каза болсо, 230 миң 688 бейтап айыгып чыкты.