Биз социалдык тармакта

Коронавируска каршы күрөшүүгө бюджеттен канча каражат каралды? Эң аз акча Саламаттыкты сактоо министрлигине каралган

Коронавируска каршы күрөшүүгө төрт тармакка бюджеттен акча бөлүндү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Ага ылайык:

Саламаттыкты сактоо министрлигине – 30 миллион сом;

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ӨКМнын атайын эсебине – 225 миллион сом;

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого (ММРФ), (азык-түлүк буудайын сатып алууга) – 631 миллион сом;

Тегирмендерди жеӊилдиктер менен насыялоого бюджеттен каражаттар бөлүндү – 400 миллион сом (ошондой эле “Айыл Банк” жана РСК Банк 400 миллион сом бөлдү). Бардыгы 800 миллион сом.

Маалыматта зарылчылык болгондо өкмөт дагы кошумча каражат бөлөрү кошумчаланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
anash
2020-03-23 16:02:46
Эн коп коррупция МЧСте
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан