Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 138 миллион сомдон ашык акча түштү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 138 миллион 668 миң 704 сом акча түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 5-июнга карата көрсөткүч.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан