Штаб: "Карантинде 528 адам турат"

Республика боюнча обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн 1992 орундук дайындалды. Карантинде учурда 528 адам турат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Сузак районундагы көчөлөр менен үйлөр дезинфекцияланды. Ошондой эле Жалал-Абад облусуна мобилдик лаборатория жөнөтүлдү.

Бүгүн өлкө аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү, бардык категориядагы кирүү визаларын берүүнү убактылуу токтотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чечими күчүнө кирди. Бул чечим коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалдын жакшырышына чейин күчүндө калат.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы насыялар боюнча убактылуу каникул киргизүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан