Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан каза болду. Аны кечээ эле илдеттен айыкты деп жатышкан

Бүгүн, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду.

Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза болду.

Буга чейин COVID-19 инфекциясы диагнозу менен ооруканага коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев түшкөнү маалымдалган. Анда бейтапты дарылоо оор өтүп жатканы айтылган.

Кийинчерээк Мукар Чолпонбаевдин жубайы да коронавирус жуктуруп алганы маалым болуп, анын Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштегени айтылган.

Ал эми кечээ, 23-майда Мукар Чолпонбаев коронавирустан айыкканын анын кызы Нуриля Чолпонбаева социалдык баракчасына жазып чыккан.

"Атамда эми коронавирус жок. Биз илдеттин кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Абалы орто, жасалма дем алдыруучу аппарат аркылуу дем алууда. Тамактанып калды. Жакшы болуп баратат. Эми убакыт гана керек", - деген ал атасы тууралуу билдирүүсүндө.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мукар Чолпонбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Baku88
2020-05-24 13:34:48
Бейишин берсин
+12
Aimani
2020-05-24 14:42:23
Ыйманы саламат болсун. Адам олоорго аз калганда боюн түзөп, тамак ичип калат. Ошону жакшы болуп калды деп ойлоп алган го кызы. Сабыр.
+9
sirenaaaaa
2020-05-24 21:34:33
Aimani,сиздин созунуз туура окшойт. Биздин сосед эже да ооруп болницада жатканда эжем коргону барган экен. Аябай абалы оор болчу экен. Анан россиядагы кызына чалып келбейсинби апан аябай кыйналып калыптыр дептир. Апасы болницадан чыгып, кызы да келиптир. Балдарын коруп суйунуп онолгондой корунсо керек. Анан кызы апама келип, апан оор дедиле бир жакшынакай экен. Бекер келипмин деп билет алып учуп кеткенден кийин эле апасы отуп кетип кайра келген
0
Nur777
2020-05-24 15:35:23
Жаткан жери жайлуу болсун...
+7
Mustafo
2020-05-24 19:03:23
Аллахым сүйгөн пендеси экен.
+3
Tymar
2020-05-24 22:21:44
Тенирим жаткан жерин жай кылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан