"Бопуш" деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев 59 жашында каза болду. Маалыматты режиссёр Эрнест Абдыжапаров ырастап буларга токтолду.
"Марат Жанталиевдин бөйрөгү ооруп дарыланып жаткан экен. Анын агасы менен сүйлөшсөм, 2 күн мурда Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө которулуптур. Бирок бүгүн, 9-июнда кайтыш болуп калды", - деди ал.
Актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү Лахол айылында туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Марат Жанталиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.