Бүгүн, 11-ноябрда саат 11:00дөн тарта Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда чектөө алынып, оор жүк ташуучу унаалардын каттамына кайрадан уруксат берилди.
Эске салсак, аба ырайынын шарттарына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарынын алдын алуу максатында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, Сосновка постунан өткөрүү токтотулган.