Кыргызстанда 2026-жылдын 9 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 21 миң 754 кайрылуу катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 пайызга көп. Бул тууралуу депутат Медина Кайрылбекова бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жасаган баяндамасында билдирди
Анын айтымында, 2025-жылы республика боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 23 миң 518 кайрылуу катталган. Ошол эле жылы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы зомбулук фактылары боюнча 656 кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2026-жылдын тогуз айында мындай фактылар боюнча 525 кылмыш иши козголуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 пайызга өскөн.
Депутат үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучулардын укуктарын коргоо боюнча бир катар көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Алардын арасында убактылуу коргоо ордерлеринин аткарылышын көзөмөлдөөнүн жетишсиздиги, психологиялык жана экономикалык зомбулук фактыларын аныктоодогу кыйынчылыктар, коопсуз башпааналардын аймактар боюнча бирдей жеткиликтүү эместиги бар.
Ошондой эле электрондук көзөмөл жүргүзүү үчүн техникалык каражаттардын жана адистердин жетишсиздиги, мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашууну жакшыртуу зарылдыгы айтылды.
Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Медина Кайрылбекова ар бир облуста жабырлануучулар үчүн коопсуз башпааналарды түзүүнү, убактылуу коргоо ордерлеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана зомбулук жасаган адамдар үчүн түзөтүү программаларын өркүндөтүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, ал айыл жерлеринде түшүндүрүү иштерин күчөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукту жеке маселе эмес, мыйзам бузуу жана коомдук коопсуздукка коркунуч катары кабыл алуу керектигин белгиледи.