Биз социалдык тармакта

Орусияда мигранттар катышкан кылмыштар азайганы айтылууда

Кечээ, 10-ноябрда Орусиянын Ички иштер министрлиги 2026-жылдын тогуз айындагы кылмыштуулук боюнча маалымат берди. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары маалымдашты.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө 7 миллиондон ашык чет элдик жаран бар. 2026-жылдын январь-сентябрь айларында чет өлкөлүк жарандар Орусияда 20 миңге жакын кылмыш жасашкан.

"Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга аз. Ошондой эле майда мыйзам бузуулар менен 120 миң чет өлкөлүк жаран чыгарылган. Эсеп өткөн жылга караганда эки эсе көп. Белгилей кетсек, 290 миң чет өлкөлүк жаранга Орусияга кирүүгө 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө тыюу салынган. Миграциялык көзөмөлдүн күчөтүлүшү өлкөгө келген чет элдиктердин санынын 10 пайызга азайышына да таасир эткен",- деп билдирди ички иштер министри Владимир Колокольцев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан