Вашингтондо полиция кызматкерлерине кылмышкерди муунтуп кармоого тыюу салынды

Полиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди кармоо учурунда муунтууга тыюу салуу Вашингтон шаардык кеңеши тарабынан 9-июнда колдоого алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, массалык нааразычылык акциясынан улам Вашингтон шаардык кеңеши полицияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. Кабыл алынган өзгөртүүлөргө нааразычылык акциясына чыккандарды таратууда резина ок жана химиялык активдүү заттарды колдонууга тыюу салуу, шектүүлөрдү кармоодо муунтууга жана жарандарга каршы күч колдонгон полиция кызматкерлеринин ысымдарын тез арада ачыкка чыгаруу талабы кирет.

Ушундай өзгөрүүлөр буга чейин АКШнын бир нече башка шаарларында, анын ичинде Сиэтл, Сан-Диего, Хьюстон, Финикс жана Денвер шаарларында кабыл алынган.

25-майда теги африкалык болгон америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2020-06-10 11:33:28
Муунтканга болбойт атса болот болдуда бул жагы
+1
Bars88
2020-06-10 12:02:13
Анан бетине урса болбойт когоруп билинип калат.Пакет кийгизсе тепкилесе сабаса болот деп коюшпаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан