Орусиянын 82 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 10 миң 559 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 86 адам каза болсо, 1 миң 462 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5 миң 858 (жалпы 85 миң 973);
Москва облусунда - 829 (жалпы 16 миң 590);
Санкт-Петербург шаарында - 312 (жалпы 5 миң 884);
Нижегород облусунда - 272 (жалпы 3 миң 298);
Дагестан Республикасында - 181 адам (2 миң 267) жана калгандары башка аймактардан.
Орусиянын 85 аймагынан жалпы 165 миң 929 адамдан вирус аныкталды. 1 миң 537 адам каза болсо, 21 миң 327 бейтап айыгып чыкты.