Коронавирус пандемиясынан улам Япон өкмөтү өлкөгө кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүдө. Ага дагы 11 мамлекет, анын ичинде Кыргыз өлкөсү дагы кошулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ маалымат жыйынында билдиргенин, чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Японияга кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесине дагы 11 мамлекет кошулган. Алар: Индия, Пакистан, Бангладеш, Аргентина, Сальвадор, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Ооганстан. Япониянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында өлкөгө кирүүгө тыюу салынган жалпы 188 өлкөнүн толук тизмеси жарыяланган.
Өткөн аптада Япониянын Тышкы иштер министрлиги аталган 11 өлкөгө саякаттоо коркунучтуу экенин көтөрүп чыккан. Бул аталган өлкөлөргө баруудан баш тартуу дегенди билдирет.