Бишкек шаарында коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 36 бейтап өтө оор абалда

Бишкек шаарында 5-апрелге карата 123 адам коронавирус илдетине кабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада илдет жуктуруп алган адамдардын саны өсүп жатат.

"Бүгүн, 5-апрелге карата Бишкек шаарында 123 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Алардын ичинен 111и лабораториялык тастыкталгандар, 12 адам пневмонияга кабылган. Тилекке каршы, борбордо илдеттен бир адам каза болду.

Белгилей кетсек, Бишкекте 2021-жылдан январь айынан тарта 3 миң 648 адам коронавирус илдетине кабылды. Бүгүнкү күндө 13 мобилдик бригада иш алып барууда.

4-апрелге карата 342 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 204 бейтап орточо оор, 60ы оор абалда, 36 бейтап өтө оор абалда. Алар жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Ал эми стационарларда 93 бош орун бар", - деди Бакытбүбү Шамырканова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан