Биз социалдык тармакта

"Кайра көбөйүүдө". Орусияда сутка ичинде 13 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 13 миң 592 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 125 адам каза болсо, 3 миң 793 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 4395 (айыккандар 1131);

Санкт-Петербург - 538 (айыккандар 269);

Москва облусу - 440 (айыккандар 201);

Ростов облусунда - 274 (айыккандар 77) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 312 миң 310 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 22 миң 722 адам каза болсо, 1 миллион 24 миң 235 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2020-10-12 14:55:15
Кана вакцинанар ойлоп таап мактанган, или ошибкабы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан