Орусия 1 миллиарддан ашык калкы бар Индия менен Кытайдын чек ара талашынан улам жаралып жаткан тирешүүсүнө кийлигишпейт. Бул тууралуу Орусиянын федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Биздин позициябыз бул эки өлкөнүн талаш-тартыштары эки тараптуу чечилиши керек. Биз Индиянын, Кытайдын дагы эгемендигин сыйлайбыз. Орусия мындай талаштарга кийлигишпеши керек", - деген Косачев.
Май айында Индия менен Кытайдын чек арасындагы "Ладакх" көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылардын ортосунда атышуу болуп, анын натыйжасында индиялык аскерлер кармалып, кийин бошотулган. Мындан улам АКШнын президенти Дональд Трамп эки өлкөнүн ортосунда тирешүү күчөп жатканын жана аларга арача болууга даяр экенин айткан.