Насыя төлөмдөрүн жылдырып берүү жана башка жеңилдетүү боюнча арыздар бир гана банктын бөлүмдөрүндө гана эмес, дистанциялык негизде да кабыл алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда "РСК Банк" ачык акционердик коомунун аймактарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы Улан Ашимов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда банктын 52 филиалы, 133 тейлөө точкалары иштеп жатат. Ошондой эле 18 тейлөө борбору дем алышсыз, узартылган график менен кардарларды кабыл алып жатканы маалымдалды.
"Коронавирус пандемиясына байланыштуу насыя төлөөдө маселелер жаралып жаткан кардарлар бүгүнкү күндө да арыз менен кайрылып жатышат. Насыя алууда жеңилдиктер каражаттын булагына жана насыянын валютасына карабастан берилүүдө. Ал эми насыяны төлөө максатында банктын бөлүмүнө келип отурбастан, "РСК 24" тиркемеси менен мобилдик банкинг аркылуу төлөм жүргүзсө болот", - дейт Улан Ашимов.