Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Мындай оор жоготуу тууралуу кабарды уккан кыргыз эли кайгырып, кан жутуп турат.
Социалдык тармакта дин аалымы тууралуу колдонуучулардын көбү өз баракчаларында эскерүү постторун жазып жатса, акындар ыр арнап, эскерип жаткан убагы.
ААЛЫМ жана ААЛАМ
Кулагыма суук кабар жаңырды,
Зыркыратып жүрөк-жүлүн, тамырды.
Жол көрсөтчү жоболоңдуу заманда,
Жоготуппуз алп, даанышман аалымды.
Билем, ар жан өлүм даамын татат бу,
Бирок ыйлап, көздөн мөлтүр жаш акты.
Накыл сөзү – чырак эле түндөгү,
Ким бизге айтат эми ошондой насаатты?
Маңдайында жылдыз-нуру жаркыган,
Таңдайынан таттуу сөздөр шаңшыган.
Казган кенин Алла берген илимдин,
Ошон үчүн Ай айбыкчу баркынан!
Ачуу дебей акыйкатты билдирчү,
Капалуунун жарпын жазып күлдүрчү.
Бул жалганда аз жашаарын билгендей,
Тынымы жок иштеп күн да, түн жүрчү.
Илим, акыл, китеп эле жыйганы,
Биз эле эмес, дүйнөдө көп сыйлаары.
Чын ыклас, чырак билим, чындык сөз...
Бузуктуктан буруп койгон кыйланы.
Буркурадым сыздап, жүрөк эзиле,
Күн күл болуп, Ай өчкөндөй сезиле.
Элге келген балакеттин бардыгын
Мага бер деп тилеген бейм өзүнө.
Күн тийсе да күңүрт тартып төгөрөк,
Кандайдыр бир капалыкка бөлөнөт.
Аалым өтсө – аалам боорсуз калгансыйт,
Андай залкар кайра качан төрөлөт?
Арманым өрт, айтар сөз көп дээр ичте,
Устатым ай, кеттиң салып кейишке.
Ортодогу бир туугандык мамиле,
Уланат деп үмүт кылам бейиште.
Автор: Нуржигит Кадырбеков
Көкүрөккө муң толуп, азыр баары,
Көз жаштар тыйылып басылбады.
Көлөмү Ала-Тоодой адамдарды,
Көргө алып барып дөңсөөгө жашырганы,
Буйрукка баш ийип кете берди.
Абдугаппар, Чубактай асылдары,
Зайыр, Акжол, Элмирдей акындары.
Жакшы адамдар күн сайын азаюуда,
Аттиң арман... Кыямат жакындады...
Даяр бол! Кыямат жакындады...
Автор: Кубат Тукешов
Ааламдын көркүн жоготуп,
Асылдар өлбөс болсочу.
Жашоонун жазын соолутуп,
Жакшылар өлбөс болсочу.
Кандай оор, кандай жаңылык,
Кайрадан түтөйт каңырык.
Келаткан кезде аалымга,
Кетсең не ажал жаңылып.
Жүрөктөрүнө көл чөккөн,
Бийиктиктерди көрсөткөн.
Табылбай турган кайрандар,
Тамчыдай гана мөлт эткен.
Арманды кайда катабыз,
Азыр биз сыздап жатабыз.
Мээримин төгүп табылгыс,
Сагынып тосоор апаңыз.
Аңгырап дүйнө бош эми,
Ажыкем, арман, кош эми.
Бийиктен карап элиңди,
Бейиштин таңын тос эми!!!