Иран өлкөсүндө акыркы бир сутка ичинде 2 миң 400 кишиден коронавирус аныкталып, 75 киши каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Сима Садат Ларинин берген маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде 2 миң 400 адам коронавирус жуктуруп алган болсо, 75 адам көз жумду. Муну менен Иранда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 182 миң 545ге жетти. Алардын ичинен 144 миң 649 адам сакайып чыкса, 8659 адам каза болду.