Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн биринчи жолу дарыгер каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, каза болгон 62 жашта Лян Удун аттуу дарыгер Хубей провинциясындагы Ухан шаарында жайгашкан Синьхуа ооруканасында отоларингология бөлүмүндө иштечү.
“Дарыгерден коронавирустун жаңы түрүнүн белгилери байкала баштаганда, 18-январда Цзиньиньтан ооруканасына жаткырышкан. Лян Удунду жашоосу үчүн кесиптештери бардык күчүн жумшап күрөшкөн. Тилекке каршы, ал 25-январда ооруканада көз жумду”, - деп айтылат маалыматта.
Коронавирус оорусу тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында чыга баштаган. Анда Ухан шаарында белгисиз өпкө оорусу жайыла баштаганы айтылган. Вирус адамдарга базарда сатылган деңиз азыктары жана жыландар аркылуу жуккан деген версиялар айтылып келет. Дарыгерлер оорунун вирусу адамдан – адамга жугат деп расмий билдиргенден тарта, дүйнө жүзү боюнча бул коркунучтуу вируска каршы ар кандай алдын ала иш-чаралар жасала баштады.
Ал эми Кыргыз өлкөсүндө Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга барбай туруусун сунуштаса, Саламаттыкты сактоо министрлигинде коронавирустун алдын алуу жана абалды көзөмөлдөө үчүн штаб түзүлгөнү белгилүү болду.