Казакстанда сутка ичинде 366 жарандан коронавирус аныкталып, ооругандардын жалпы саны 14 миң 238ге өстү. Анын ичинен 3 миң 159 бейтапта илдеттин белгилери байкалбай өтүп жатса, 8 миң 829у бул оорудан сакайды. Акыркы сутка ичинде дагы 2 бейтап кайтыш болуп, жалпы 70ге жетти.
Казакстандын Жамбыл облусунда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу аталган аймакта карантин чаралары күчөтүлдү деп жазышат казак басылмалары.
Коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү акыркы эки аптада ооругандардын саны өсүп, илдетти жуктургандардын көбү үй-бүлөдө жана кесиптештер арасында болуп жатканын билдирген.