Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөттү

Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна медициналык шаймандардан турган гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Өзбекстандын Фергана облусу Баткен облусуна жалпы баасы 6 миллион 300 миң сомду түзгөн медициналык шаймандарды жиберди. Анын ичинде коргонуучу каражаттар, ооруну аныктоочу лабораториялык шаймандар бар.

Бул иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жүргүзүлдү. Баткен облусунун жетекчилиги, кошуна Өзбекстан Республикасынын президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Буга чейин эки облус башчылары коронавирус илдети менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттары, азык-түлүк продукциялары боюнча эки тараптуу бир катар жардамдарды берип келишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
HHFRU
2020-07-07 16:23:05
Терең ыраазычылык, алыскы туугандан жакынкы коңшу артык. Кошуна мамлекеттер менен катнашты жакшыртуу керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан