Коронавирус менен каршы күрөшүүгө Нарын облусунун Ат-Башы жана Жумгал райондоруна 2 дарыгерлер тобу жиберилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ыктыярчылардан түзүлгөн 2 топто эпидемиолог, нейрохирург, кардиолог жана башка дарыгерлер бар. Алар 1 ай бою жеринде кесиптештерине жардам көрсөтүшөт.
Айта кестек, бул топ аймактарга жиберилип жаткан 7 жана 8-топ болуп эсептелет.
Буга чейин 13-апрелде, 25-мартта жана 30-мартта өз ыктыяры менен түзүлгөн жогорку даражалуу дарыгерлер тобу бир айга түштүк аймагына эпидемияга каршы дарылоо иш-чараларды аткарууга кетишкен. Ал эми 10-апрелде дагы үчүнчү топ Нарын жана Ош облусуна барышкан.