Өлкөдө сутка ичинде коронавируска каршы эмдөөдөн 600гө чукул адам өттү

Өлкө боюнча коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн акыркы бир сутка ичинде 587 адам өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Акыркы 24 сааттын ичинде 587 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 16 миң 653 адам эмдөө алды", - деп билдиришти министрликтен.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
emirchik
2021-04-25 19:02:17
Кайсы жерден алса болот ваксинаны дарегин жазып койбойсунарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан