Республика боюнча сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети дагы 53 кишиден аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматына караганда, акыркы сутка ичинде Талас, Нарын облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек шаары – 18;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 8.
Пандемия башталгандан тарта өлкөдө 183 миң 404 адам жабыркады.