"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 7 миллион 764 миңден ашты

14-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 764 миң 977ге жетти. Алардын арасынан 3 миллион 693 миң 293 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 429 миң 666 адам көз жумду.

Коронавирус эң көп жайылган АКШда 2 миллион 74 миң 526 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 556 миң 606 сакайып, 115 миң 436 бейтап каза болду.

Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын жалпы саны 850 миң 514кө өстү. Андан 459 миң 436 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 42 миң 720 адам каза болду.

Орусияда 519 миң 458 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 274 миң 128, көз жумгандар - 6 миң 819.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан