Коронавирус менен ооругандардын санынын көптүгү боюнча дүйнөдө 4-орунга чыккан Индияда бир суткада 12 миңдей жарандан илдет аныкталды. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы суткада 11 миң 989 жарандан илдет аныкталганын кабарлады деп жазышты чет элдик басылмалар.
Ал эми бир күндө 9 миң 27 бейтап оорудан айыкканы айтылат маалыматта.
Муну менен Индияда бүгүнкү күнгө карата 320 миң 922 жаран коронавирус менен ооруса, анын 162 миң 379у айыкты. Каза болгондор 9 миң 195ке жетти.