Коопсуздук кеңешинин Кыргыз өлкөсүнүн президентинин өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал мөөнөтүн узартуу жана киргизүү жөнүндөгү жарлыктын негиздемесин жарыялады.
Анда 2020-жылдын 25-мартында Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө абал киргизүү Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жайылышын болтурбоо жана жуктуруу очокторун локалдаштыруу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы менен шартталганды тууралуу айтылат.
"2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки убакыт аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирус жуктуруп алган 430 фактысы тастыкталган, натыйжада 5 адам өлүмгө учурап, 67 адам коронавирустан айыккан.
Анын ичинде 83 медициналык кызматкер жуктуруп алган.
Саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдары жуктуруп алгандарды, ошондой эле алар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо боюнча иштерин улантууда.
Республиканын бардык аймактарында обсервациялоо үчүн, ошондой эле байланышта болгон жана келип жаткандарды карантинге алуу жана дарылоого конкреттүү бейтапканалар аныкталган.
Көрсөтүлгөн шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизүү өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча коронавирустун жапырт жайылышын болтурбоого жана жуктуруу очокторун локалдаштырууга мүмкүндүк берди.
Акыркы күндөрдө жарандардын коронавирусту жуктуруу фактыларынын саны күн сайын 10дон 40ка чейин катталгандар болууда. Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында ооругандар менен байланыш аркылуу жуктуруп, бирок аларда оорунун белгиси жок өтүп жаткан жарандар бар экенин күбөлөндүрөт. Албетте, көрсөтүлгөн жарандар коронавирустун потенциалдуу алып жүрүүчүсү катары эсептелет жана калкка коркунуч туудурушат.
Жуктурууга шектелгендер, алардын жакын туугандары, достору жана башка адамдар менен байланышта болгон жактардын саны, өзгөчө абалды токтоткон учурда тездик менен көбөйөт жана натыйжада бир нече миңге жетиши мүмкүн.
Өзгөчө абалды токтоткон учурда айрым коомдук тамактануу жайларынын, соода-базар комплекстеринин жана башка чарбалык субъекттердин ачылуусу калктын көпчүлүк массасынын кыймылына жана тыгыз байланышына алып келүүсүн эске алганда, эпидемиологиялык кырдаал кармап туруудан контролсуз фазага өтүп кетиши мүмкүн.
Айрыкча жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды кыйла аз сактаган жана жеке коргонуу каражаттар менен толук камсыз болбогон региондордо абалдын начарлашы байкалып баштайт.
Натыйжада, коронавирустун контролсуз жайылышы саламаттыкты сактоо системине чоң жүктөмдү алып келиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
"Айрым жарандар менен уюмдар өлкө жетекчилигин өзгөчө абалды токтотууга үндөшүүдө. Алардын келтирген жүйөлөрү объективдүү. Бирок алардын ичинде эң маанилүү нерсе — биздин жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо жана коргоо эске алынбай жатат. Учурда эгерде өзгөчө абал токтотулса, жуктуруп алгандардын саны жана өлүмгө дуушар болуу жогорулашы мүмкүн.
Түзүлгөн абалда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимине байланыштуу популярдуу эмес чечимди кабыл алуу муктаждыгы келип чыкты. Бирок бул чечим биринчи кезектеги артыкчылыктуу милдеттер менен шартталат — бул Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо. Ошондуктан биздин бардык жарандарыбызды киргизилген чектөөлөргө түшүнүү жана сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырабыз.
Бардык санитардык-гигиеналык нормаларды жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын сактоо абзел. Башка жарандар жана туугандарыңыздар менен байланыштарды максималдуу түрдө чектөө керек. Көрсөтүлгөн бардык талаптарды кармануу бизге кыйынчылыктарды жеңүүгө, чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүгө жардам берет деп ишенебиз", - деп жазылат.