Пекин бийлиги шаарда коронавирус инфекциясынын жайылуусу өтө коркунучтуу экенин эскертти

Кытайдын борбору Пекин шаарындагы "Синфади" аттуу ири базарда иштеген адамдардан коронавирус аныкталып жаткандыгына байланыштуу шаарда коронавирус инфекциясынын жайылуусу өтө коркунучтуу болуп жатат. Бул тууралуу шаардык гигиена жана ден соолук боюнча комитеттин өкүлү Гао Сяожун билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал арада базардын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилип, Пекиндеги башка дүң базарлардын иши, мектеп окуучуларынын окуусу жана спорттук иш-чаралар токтотулган. Кытай өкмөтүнүн басма сөз кызматынын жетекчиси Сю Хежян коңшу райондордо жашаган адамдардын бардыгы коронавируска каршы тесттен өтөрүн айтты.

Акыркы сутка ичинде шаардагы 76 миңден ашык адам коронавируска карата текшерүүдөн өттү. Анын ичинен 59 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы шаар боюнча ооругандардын саны 79 адамга жетти.

Белгилей кетсек, "Синфади" базарындагы адамдардан аныкталып жаткан инфекция эки айлык тыныгуудан кийин борбор калаа үчүн биринчи болуп катталды. 11-июнга чейин Пекинде 56 күн бою бир да жергиликтүү адамдан инфекция аныкталган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан