Бир сутка ичинде дагы 245 жарандан COVID-19 жана пневмония илдети аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары - 77;
Ош шаары - 13;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу - 62;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу - 2;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 44;
Баткен облусу - 19.
Өлкөдө илдет аныкталгандан бери жалпы 48 миң 342 жаран ооруду.
Бүгүнкү күндө стационарда 1 миң 366, амбулатордук дарыланууда 1 миң 491 бейтап жатат.