Кыргызстандын саясий мейкиндигинде өзүнүн алдына Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кирүү максатын койгон таптакыр жаңы бирикме пайда болду. Биздин редакцияга «Бирик» партиясынын лидери Кылыч Исмамбетовдун пикирин угуп, баарлашууга мүмкүн болду. Ал шайлоо алдындагы кампанияга жана саясий уюмдун пландарына тиешелүү бир катар суроолорго жооп берди.
- «Бирик» партиясы качан түзүлгөн жана алдына кандай милдеттерди койгон?
- «Бирик» партиясы Кыргызстандын саясий мейкиндигинде биздин мамлекеттин өнүгүшүнө жана чыңдалышына өз салымын кошо алган жана кошкусу келген прогрессивдүү күчтөргө аянт пайда болушу үчүн түзүлгөн.
Биз интеллектуалдык дараметке басым жасайбыз, биз учурда экинчи планга сүрүлүп калган жаш жана жаңы күчтөргө жол ачууну пландап жатабыз. Азыр өлкөнүн мыкты кадрлары жана интеллигенциясы Жогорку Кеңештин сыртында калганын көрүп турабыз. Ошондуктан жаңы деңгээлдеги сапаттуу реформаларды жүргүзүүгө даяр билимдүү кадрларга басым жасайбыз.
Бул эски коррупциялык схемаларды демонтаж кылуу үчүн көптөгөн күч-аракеттерди талап кылат. Ошондуктан дароо эле биз мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарында терең реформа жүргүзүүгө даяр экенибизди баса белгилеп кетким келет. Албетте, бул саясий эркти талап кылат жана андай чечкиндүүлүк бизде бар экенинде эч кандай шек жок. Эгерде өзүңдүн күчүңө ишенбесең, анда саясий аренага чыгуунун эч кандай кажети жок. Биздин башкы максат, бул мамлекетти жакшы жакка өзгөртүү жана өз алдынча мамлекетти куруу.
- Сиздер кандай натыйжага ишенип турасыздар? Анткени парламенттик шайлоого барганы жатасыздар, алдыда салмактуу күчтөр менен теңтайлашуу турат эмеспи?
- Албетте, биз парламенттик шайлоого сөзсүз катышабыз. Өзүбүздүн айланабызга олуттуу инсандарды чогулттук, эми күч-аракеттерибизди бириктирүү менен Жогорку Кеңешке буга чейин шайланган партияларга татыктуу атаандаштык түзөбүз. Кыргызстандагы азыркы саясий бирикмелер түбөлүк эмес жана системасыз. Биз болсо талаптагыдай пайдубалы бекем, так белгиленген идеологиясы жана түшүнүктүү максаты бар партия түзөбүз. Биздин башкы ресурс акча эмес, алар эволюциялык жол менен Кыргызстанда өзгөрүүлөрдү жасоого жетише ала турган эрки күчтүү адамдар.
- Сиздер эмнеге ишенип жатасыздар, ресурстар жетиштүүбү?
- Биздин күчүбүз материалдык резервдер менен ченелбейт, биздин күчүбүз катарыбызга келип кошулган адамдардын аң-сезимдүү амбициясында. Бизде акыйкаттуу коом куруу жана бардык мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча айкын программабыз бар. Коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылууга жана калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жөндөмдүү система түзөбүз. Биздин күчүбүз мына ушунда.
- Эптүүлүк менен чагым уюштурууну мыкты билген жана популизмди жакшы көргөн тажрыйбалуу саясатчылар дайыма майлуу жерде жүрүүгө умтулушат. Сиздер эски карышкырлар саясатка жөн эле коё бербейт деп кооптонбойсуздарбы?
- Биздин жолубузда буга чейинки 20 жыл аралыгында эч кандай иш бүтүрбөгөн саясатчылардын элестери пайда болгон. Бирок популизм биздин багыт эмес. Карасаңыздар, шайлоо алдында бардыгы кийимдерин которуп кийишти жана башкача топторго бириге калышты. Атүгүл саясий өлүктөргө дагы жан кирди жана активдүү пиар жүргүзө башташты.
«Бирик» партиясы таптакыр жаңы күч, бизде адам менен коомдун кызыкчылыгы биринчи орунга коюлат.