Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын отчёту колдоо тапты

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчётун укту.

Баяндаманы Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жасады.

Анын маалыматы боюнча, Эсептөө палатасы 141 аудитордук текшерүү жүргүзгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, каржылык мыйзам бузуулар 2 миллиард 5 миллион сомду түзүп, анын ичинен 80 миллион сому кайра кайтарылган. "Кайтарылган каражаттардын көлөмү жалпы сумманын 40 пайызын түздү”, - деп белгиледи Эсептөө палатасынын төрагасы.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик тартиптин сакталышы, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле аудитти өткөрүүнүн механизмдерин жакшыртуу тууралуу суроолорду беришти.

Жыйынтыгында отчёт жактырылып, тиешелүү токтом долбоору менен Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан