Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда.
Көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов өкмөттүн ишин аксатпай чечим кабыл алыша турганын айтты. "Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн курамын өзгөртпөө керек. Жоопкерчиликти биринчи вице-премьер-министрге жүктөө керек", - деди ал.
Кечээ, 15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алды.