Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрлик кызматына Кубатбек Бороновдун талапкерлиги каралууда.
"Мухаммедкалый Абылгазиев саясий чечим кабыл алды. Учурдан пайдаланып анын келечектеги иштерине ийгилик каалайбыз. Мага ишеним көрсөтүп талапкерлигимди колдоп жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Саясий өмүр жолум элдин көз алдында жана сыноосунда болуп келди. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде сунушталган "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча пландарды жакшы билебиз. Ушул багытта иш алып барабыз", - деди ал.