Депутат Момбеков Абылгазиев тууралуу: "Биз мактаган кыз тойду кооздоп койгон жокпу?"

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө.

Анда депутат Рыскелди Момбеков Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкага кеткени боюнча көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркуловдун пикирин сурады. "Сиз өз сөзүңүздө экс-премьер-министр болуп калган Мухаммедкалый Абылгазиев арызын колдойм, бирок ушундай оор учурда кетип калганын туура эмес деп ойлойм деп айттыңыз. Дегеле биз кет, кет дегенде көгөрүп кетпей коюп, эми кетпе, кетпе дегенде кетип калган адамдын мындай кадамы саясий жоопкерчиликке жатабы? Биз мактаган кыз тойду кооздоп койгон жокпу?", - деп сурады депутат.

Иса Өмүркулов: "Ал отставкага кеткенин колдойм деп айткан жокмун. Туура болду деп айттым. Артынан сөз ээрчип калгандан кийин отставкага кеткени туура", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан