Жанар Акаев: "Парламенттик шайлоодо административдик ресурс, криминалды колдонуу болбосун"

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Жанар Акаев парламенттик шайлоону калыс өткөрүү керектигин айтты.

"Кубатбек Айылчиевич (ред. Кубатбек Боронов), сиз алып келген өкмөт сиздер шайлоо өткөрөсүздөр. Эки премьер-министр түрмөдө, бир премьер-министрдин иши арсар болуп турат. Шайлоодо административдик ресурс, криминалды колдонуу болбосун. Мамлекеттик кызматкерлерди зордук-зомбулук менен иштетүү, оппоненттерди камоо аракеттери болбош керек. Күч органдары калыс туруп бериңиздер. Баарына бирдей мамиле кылыңыздар", - деди Жанар Акаев.

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов: "Шайлоо башка мамлекеттерге салыштырмалуу ачык-айкындык жаралып, жакшы өтүп келе жатат. Мында дагы ачык-айкын өткөрөбүз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан