Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында депутат Аида Касымалиева премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов залга маанайы суз киргенин айтты.
"Залга кирип жатканда маанайыңыз суз кирдиңиз. Кандай сезимдер болуп жатат? Сүйүнгөн жоксузбу? Бул эми өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бири. Залга абдан эле ойлонуп кирдиңиз го", - деп депутат талапкерге кайрылды.
Боронов: "Мен бул тууралуу кечээ кечинде уктум. Сүйүнгөнгө убакыт болгон жок. Бир нерсени сезип турам алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Ошонун үстүндө иштеш керек. Сүйүнө элекмин, эртең талапкерлигимди бекитсеңиздер сүйүнөм", - деди.